Ошто экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрү ишин жандандат

2 декабря 2020, 17:45

Ошто экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө ишин жандандырууга уруксат берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.



«Ош шаарында 3-декабрдан кинотеатр, интернет клуб, ресторандар жана балдар ойноочу жайлардын иштөөсүнө уруксат берилди. Уруксат берилген жайларда санитардык талаптар толук сакталышы шарт. Чечим бүгүн, 2-декабрда Ош шаарынын Жарандык коргонуу штабынын жыйынында кабыл алынды», - деп жазылат маалыматта.