Ошто колдонулбай калган техникалар кайра иштетилүүдө

30 января 2024, 14:46

Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасы 67 даана колдонулбай калган атайын техникаларды кайра иштетүүдө. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Шаар мэри Бакытбек Жетигенов ишканага барып, эскирген жана колдонуудан чыккан автобус, троллейбустарды кайра иштетүүнүн жүрүшү менен таанышты.

"Кайра иштетүү мыйзамга ылайык жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.