Ошто контрафакттык тамекилерди жана алкоголдорду сатууга бөгөт коюлду

2 апреля 2022, 11:25

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарынын аймагында ар кандай аталыштагы жана маркадагы контрафакттык алкоголдук продукциялардын жана контрабандалык тамекилердин сатылышына бөгөт коюшту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Алсак «» базарынын аймагында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө жергиликтүү алкоголдук өндүрүүчүлөрдүн (АЮ, Кыргыз конягы, Семетей ж.б.) кустардык өндүрүштөгү алкоголдук продукциясын сактоо, сатуу фактысы аныкталган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 600дөн ашык бөтөлкө алкоголдук продукция жана 266 таңгак тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.