Ошто Курман Айтка карата базарлар жабылбайт

30 июля 2020, 12:55

Бүгүн, 30-июлда Ош шаарындагы базарлар Курман айтка карата дезинфекциялоо иштерине жабылбайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мэриядан белгилешкендей, кийинки жумадан баштап шаарда жайгашкан баардык базарлар дезинфекциялоо иштерине байланыштуу дүйшөмбү жана жума күндөрү иштебейт.