Ошто муниципалдык жер жеке менчикке 7 млн сомго берилген

23 февраля 2024, 10:01

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдарына муниципалдык жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Белгиленгендей, Ош прокуратурасы жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерген. Жер ресурстары кызматынын Оштогу бөлүмүнүн (мурдагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Оштогу бөлүмү) кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жаранга мамлекеттик акт түзүшкөн.

“Аянты 171 чарчы метр жер тилкеси Нурматов көчөсүндө жайгашкан. Мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 7 млн ​​267 миң 500 сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Бул фактынын негизинде түштүк борбордун прокуратурасы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө Ош шаардык ички иштер башкармалыгына тапшырылды.