Ошто тумандан улам Бишкек жана Стамбулга каттамдар убактылуу токтотулду

16 января 2024, 09:40

Ошто аба ырайынын шарттарына байланыштуу Бишкек - Ош жана Ош - Стамбул каттамдары жылдырылды.

"Манас" эл аралык аэропортунан билдиришкендей, азыркы учурда көрүнүү горизонталдуу 76 метрди, вертикалдуу 60 метрди түзөт.

Каттамдардын жандангандыгы боюнча кошумча маалымат берилет.