Ошто турак жайын камсыздандыргандар эки эсе азайды

16 августа 2021, 16:30

Ош облусу боюнча үйүн милдеттүү камсыздандыруудан өткөргөндөрдүн саны быйылкы жылдын алты айында 7337 адамды түздү. Былтыр 13 миң 672 киши турак жайын камсыздандырган болсо, 2021-жылы көрсөткүч эки эсеге азайды. Бул тууралуу "Акчабарга" камсыздандыруу уюмунун Ош филиалынан билдиришти.

Маалым болгондой, мунун себеби ириде жер-жерлерде уюмдун филиалы жоктугунан жана тиешелүү адистер менен камсыздоо жолго коюлбагандыктан болууда.

Эске салсак, Кыргызстанда турак үйлөрдү милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору 2016-жылдан тарта күчүнө кирген. Ага ылайык, шаардагылар жылына 1200 сом ал эми элет жериндегилер 600 сом камсыздандыруу акысын төлөшөт.