Ошто туристтер үчүн атайын борбор ачылды

13 февраля 2024, 11:45

Ошто туристтер үчүн "Босого" маалымат борбору ачылды.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, мында туристтер кайсы жерлерге баруу керектиги, мейманканалар, гиддер жана логистикалык компаниялар, тамактануучу жайлар, сим-карта алуу, зарыл болгон учурда документтерди кантип түзүү керектиги тууралуу маалыматтарды ала алышат.

Эске салсак, ушундай эле маалымат үстөлдөрү Бишкектеги Улуттук тарых музейинде жана "Манас" эл аралык аэропортунда иштеп келет.