Ошто жүк ташуучу унааларын камсыздандыргандарга 2 млн сом төлөнүп берилди

10 января 2024, 14:20

Ошто жүк ташуучу унааларын камсыздандыргандарга дээрлик 2 млн сом төлөнүп берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлүнүн орун басары Зарлык Турганбаев Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун (МКУ) Оштогу филиалынын директору Төрөбек Нариев менен биргеликте кырсыкка учурап, чоң чыгымга дуушар болгон Тынчтыбек Умаралиев жана Абдилаким уулу Абдыладыга каражаттардын сертификаттарын тапшырышты.