Оштогу «Батыш» РЭТтин имаратына капсула салынды

28 апреля 2022, 14:45

Ош шаарында курулуп жаткан "Батыш" райондук электр тармагынын имаратына капсула салынды. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, РЭТтин жаңы имараты президенттин тапшырмасы менен Ош шаарынын тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу максатында курулууда.

Иш-чарага министр Доскул Бекмурзаев катышып, курулуштун маанисине токтолду.

"Мындай объектилердин курулушу Кыргызстандын энергетикасы өнүгүү жолунда бара жаткандыгын жана ошондой эле анын мамлекетибиздин экономикалык жактан өнүгүшүнүн негизи болууга чоң мүмкүнчүлүгү бар экендигин далилдейт. Ал үчүн бизде баары - элдин колдоосу, көрө билүүсү жана өлкө жетекчилигин дарамети жетиштүү" – деди министр.

Ошондой эле ал "Батыш" РЭТинин курулушу 31-августта аяктай турганын билдирди.

Эске салсак, учурда Ош шаарынын тургундарын электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери 1967-жылы курулган эски имаратта жүргүзүлүп келет.