Оштогу индустриалдык-логистикалык парк 70 пайызга аяктап калды
Ошто кийим тиккен, трикотаж кездеме чыгарган жана жип ийриген фабрикалар ачылат. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, индустриалдык-логистикалык парк Кара-Суу районунда жайгашат.
Курулуш дээрлик 70 пайызга аяктап калды.
Товардын басымдуу бөлүгү экспортко багытталат деп пландалууда.