Оштогу муниципалдык ишканалар электрондук форматка өтөт

22 сентября 2021, 16:50

Ош шаарынагы муниципалдык мекемелер, калкты тейлеген ишканалар толугу менен онлайн форматка өтөт. Ишканаларды санариптештирүү үчүн борбордон жана Оштун IT адистери тартылат. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жакынкы аралыкта Ош шаардык мэриясы шаардагы калкка кызмат көрсөтүү борборлорду, тейлөө тармагындагы муниципалдык ишканаларды толугу менен санариптешүү тутумуна киргизүү үчүн ишканалардын жетекчиликтери менен семинар уюштурат.

Учурда эң алгачкылардан болуп Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгын электрондоштуруу иштери жүрүүдө.