Оштогу Папан суу сактагычына чакан ГЭС курулат

11 апреля 2024, 09:15

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан Папан суу сактагычына чакан ГЭС курулат.

Тиешелүү макулдашууга кытай тарап менен кол коюлганын Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, гидроэлектростанция 20-25 МВттык болот. Инвестициялык долбоордун суммасы 27 миллион долларды түзөт.