Оштун көчөлөрүндөгү жарнактарды санариптик форматка өткөрүү пландалууда

13 апреля 2022, 14:00

Ош шаарында борбордук көчөлөрдөгү жарнама объектилеринин санариптик, электрондук форматтарын киргизүүгө көңүл бурулат. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жарнак тармагында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан ишкерлер менен жыйын өттү.

Анда жарнак объекттеринин жаңы заманбап түрлөрүнө, анын ичинде санариптик көрнөк-жарнактарга, электрондук таблолорго өтүү талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында санарипке өтүү механизмдерин иштеп чыгуу багытында биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча макулдашылды.