Өзбекстандын антикризистик фондуна 158 миллион доллар топтолду

16 апреля 2020, 10:15

Өзбекстандын антикризистик фондуна 15-апрелге карата 158 миллион доллар топтолду. Бул тууралуу өлкөнүн финансы министрлиги маалымдады.

Сумманын 98,8 миллион доллары эл аралык каржы институттарынан алынган насыяларды түзсө, калганы мамлекеттик бюджеттин эсебинен толукталган.

Ошондой эле антикризистик фонддон социалдык тармакка, анын ичинде жумушсуз жарандарды убактылуу иштерге тартууга 5 миллион доллар, муктаж үй-бүлөлөрдү колдоого 3 миллион доллар, социалдык жөлөк пулдарды төлөөгө 2,5 миллион доллар бөлүнгөн.