Өзбекстан жаңы электр станция курууга 2 млрд доллар жумшайт

6 марта 2020, 12:00

Өзбекстандын энергетика министрлиги саудиялык ACWA Power компаниясы менен 2 млрд сумга чейинки эки электр станциянын курулушу боюнча үч макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу энергетика министрлигинин Telegram-каналында маалымдалат.

«Биз ACWA Power компанияны өнөктөш катары тандап алдык. Бул чечим биздин өлкөгө коопсуз, тынымсыз жана жеткиликтүү энергетикалык экосистеманы орното алат», — деп билдирди энергетика министри Алишер Султанов.

Белгилей кетсек, коюлган макулдашууга жалпы суммасы 1.2 млрд доллар турган, 25 жылга чейин электр энергияны сатып алуу, электр станциянын 1500 мВт кубатуулукка ээ газ түтүгүнүн айкаштырылган циклин куруу жана эксплутацияга берүү иштери кирет.