Өзбекстанда интернеттин ылдамдыгы 2.4 эсеге жогорулаган

25 февраля 2020, 14:30

Акыркы жылдарда Өзбекстанда интернеттин ылдамдыгы 2.4 эсеге жогорулаган. Бул тууралуу pordrobno.uz порталы билдирди.

Speedtest Global Index компаниясынын ай сайын жүргүзгөн рейтингинде Өзбекстан өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу жакшы көрсөткүчтү берген.

«Интернеттин ылдамдыгы боюнча жалпы рейтингде Өзбекстан 104-орунду алган. Бул бир жыл ичиндеги эң жакшы көрсөткүч. 2020-жылдын январь айындагы жыйынтык менен Грузия (107-орун), Азербайжан (116-орун), Тажикстан (109-орун) жана Түркмөнстан (176-орун) мамлекеттеринен алдыга озуп чыкты», – деп жазылат маалыматта.

Акыркы жыл ичинде Өзбекстанда интернеттин ылдамдыгы 2019-жылдын январь айында 10.89 Мбит/с, ал эми 2020-жылдын январь айында 25.75 Мбит/c жогорулаган.

Андан сырткары Өзбекстанда мобилдик интернеттин дагы ылдамдыгы өскөн. Өлкө мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча 132-орунду ээлеп, өткөн жылга салыштырмалуу эки баскычка жогорулаган.

Ирландиялык Ookla компания - интернет-түйүн, технология жана тестирлөө боюнча дүйнөлүк лидер, ал эми глобалдык тармактын ылдамдыгын тестирлөө боюнча Speedtest лидер аталган.