Өзбекстан менен Казакстандын борбор шаарларынын ортосунда аба каттамдардын саны көбөйөт

12 февраля 2021, 16:45

Өзбекстан менен Казакстан Ташкент менен Нур-Султан шаарларынын ортосунда аба каттамдардын санын көбөйтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн авиациялык ведомстволору ушул жылдын 15-февралынан баштап жумасына 1 ден 2 жолуга чейин «Ташкент – Нур-Султан – Ташкент» багыты боюнча каттамдардын санын көбөйтүүгө келишишти. Бул өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалдын жакшырышына байланыштуу болду.

Ушул маршруттар боюнча учуулар шейшемби жана жума күндөрү аткарылат. Казакстан тараптан «Эйр Астана» авиакомпаниясы, ал эми Өзбекстан тараптан «Өзбекстан хова йуллари» каттайт.