Өзбекстан коронавируска байланыштуу чек арасын жапты

16 марта 2020, 12:00

16-марттан тарта Өзбекстан башка өлкөлөр менен болгон авиа жана авто каттамдарын ошондой эле Нооруз майрамындагы массалык иш-чараларды токтотууда. Бул тууралуу kursiv.kz порталы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын жарандары убактылуу чет өлкөгө чыкпай турушат. Ал эми өлкөдөн чет элдик жарандар убактылуу чыга алышпайт. Ата мекенине кайтып келген өзбекстандык жарандар эки жумалык карантинге жаткырылат.

15-март күнү эртең менен Өзбекстанда коронавируска чалдыккан алгачкы адам катталган.