Өзбекстан Кыргызстанга жардам катары 3000 тонна буудай жөнөттү

18 ноября 2020, 08:35

Өзбекстан кечээ, 17-ноябрда Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 3000 тонна буудай жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

«Өзбек тарап темир жол аркылуу азык-түлүк жардамын Ош шаарына жеткирип, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовго тапшырды», - деп жазылат маалыматта.

Андан сырткары, жакынкы күндөрү Өзбекстандын көмөгү аркылуу Бишкек жана Баткен облусунун Кадамжай районуна 400 орундуу эки инфекциялык көчмө оорукана жеткирилери маалым болгон.