Өзбекстан Кыргызстанга инвестиция кылууга кызыкдар экенин билдирди

6 ноября 2020, 09:25

Өзбек тарап Кыргызстандагы инвестициянын көлөмүн жогорулатууга кызыкдар экендигин билдирди. Бул тууралуу 5-ноябрда өткөн Руслан Казакбаевдин Өзбекстандын тышкы экономикалык байланыш жана инвестиция боюнча премьер-министрдин орун басары Сардор Умурзаков менен болгон жолугушуусунда маалым болду.

Белгиленгендей, өзбек тарап машина куруу, туризм, медицина, билим берүү жана башка тармактарга кызыгуусун билдирген.

Мындан тышкары, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жана чек ара аймактарынын башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумдарынын маселелери талкууланды.