Өзбекстан өкмөтү кайык жана тапчанга бир жылдык салык киргизет

27 февраля 2020, 14:30

Өзбекстан өкмөтү сыноо иретинде 1-майдан тарта Ташкент облусунун Бостанлык районундагы суу транспортторуна жана тапчандарга бир жылга салык киргизет. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик салык кызматы билдирүсүнө таянып, «Кабар» агенттиги жазды.

Өзбек өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Бостанлыктагы эс алуу жайларында суу транспорттору, суу велосипеддери, карда жүрүүчү унаалар, квадроцикл, дельтаплан жана тапчандар салык алына турчу киреше булагы болуп эсептелет.

Жакын арада салык кызматкерлери Бостанлык районундагы салык алына турган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү эсептеп чыгышат.

Салык эксперименти 2021-жылдын 1-майына чейин уланат.