Пайызсыз насыя түрүндө дээрлик 6 млрд сом насыя берилди
Быйыл биринчи январга карата Кыргызстанда коммерциялык банктар аркылуу 8 миң 929 ишкер пайызсыз насыя алды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, жалпысынан 5 млрд 921 млн 985 миң 918 сом пайызсыз насыя берилген. Банктар боюнча алганда;
- “Айыл Банк” ААК - 3879 ишкер 2,4 млрд сом;
- “РСК Банк” ААК - 836 ишкер 739 млн сом;
- “Доскредобанк” ААКсында - 707 ишкер 402 млн сом өлчөмүндө каржылоо алды.