Пакистанда Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды

14 марта 2024, 09:00

Пакистандын Лахор шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бул саамалык эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын деңгээлин жогорулатууга жана кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого чоң салым кошоору белгиленди.