Памирлик кыргыздарды колдоого 82 млн сом бөлүндү

18 декабря 2023, 11:56

Памирден келген этностук кыргыздарга 82 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Каражат Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген эностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча Министрлер кабинетинин 2022-2024–жылдарга бекитилген программасынын алкагында бөлүндү.

“Бөлүнгөн каражат этностук кыргыздарга тамак-аш азыктары, кийим, дары-дармек жана башка тиричилик буюмдарды сатып алууга жумшалат. Республикалык бюджеттен Ош облусунун Чон-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2 млн сом бөлүнүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, капиталдык салымдар беренеси боюнча турак жайларды курууга республикалык бюджеттен 80 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө каралган сумма толугу менен бөлүндү.