Пандемияда өлкөгө келген жардамдардын бөлүштүрүлүшү боюнча иликтөө жүрөт

18 декабря 2020, 10:00

Коронавирус жайылган учурда өлкөгө келген жардамдардын бөлүштүрүлүшүн иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, комиссия 30 адамдан турат. Курамында эки депутат бар.

«Комиссия 10 күн аралыгында коронавирус жайылган учурда өлкөгө келген жардамдарды иликтөөнүн үстүнөн иштейт», - дейт ал.

Сурабалдиева бул маселе боюнча ызы-чуу болушун четке каккан жок.