Пандемияга байланыштуу тышкы карыздын көлөмү ИДПга карата 56.2% өсүп кеткен

18 сентября 2020, 09:45

Финансы министрлиги тышкы карыздын көлөмүн төмөндөтүү боюнча дайыма иш алып барып келет. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

2019-жылдын аягында тышкы карыздын ИДПга карата көлөмүн 45.5% төмөндөтүү мүмкүн болгон.

Бирок, пандемияга байланыштуу экономикалык кризистен улам, 2020-жылы тышкы карыз ИДПга карата 56.2% өсүп кетти», — деп билдиришти Финансы министрлигинен.

Муну менен катар, тышкы карыздын ИДПга карата көлөмү 10.7% түздү. Ведомстводон билдиришкендей, экономика калыбына келе баштаган соң, тышкы карызды жоюу боюнча иштер улана берет.