Пара менен кармалган мамлекеттик кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилди

26 сентября 2019, 17:35

КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын ыкчам башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Азамат Мамбеталиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 24 – ноябрга чейин киргизилди.

Ал мыйзамсыз акча каражатын алып жаткан жерден кармалган.

Маалыматка ылайык, аны менен катар дагы бир жаран 24-сентябрь күнү саат 16:30дар чамасында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын имаратынын жанында кармалышкан.

Маалымат булактарына ылайык, кармалган мамлекеттик кызматкерлер Казакстандан келген оор жүк ташуучу унаанын айдоочусунан пара талап кылышкан.