Парламент Кендирбаеванын талапкерлигин колдоду

5 октября 2023, 17:30

Жогорку Кеңеш Билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеваны дайындоого макулдук берди.

Анын талапкерлигин каттоодон өткөн 75 депутаттын баары бир добуштан колдоду.

Эске салсак, Кендирбаева президент Садыр Жапаровдун 28-сентябрдагы жарлыгы менен министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.