Парламенттик шайлоо 20-декабрда өтөт

21 октября 2020, 11:32

Парламенттик шайлоо 20-декабрда өтөт. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 21-октябрдагы жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

Кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүп, ага катышкан 16 партиянын ичинен төрт партия, «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» жеңишке жеткен.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинггинен кийинки башаламандыктан соң БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган.