Пенсиянын көлөмү 7% жогорулайт

16 ноября 2020, 09:35

2020-жылы Социалдык фонд пенсиянын көлөмүн 7% көбөйтүүнү пландоодо. Бул үчүн бюджеттен 3 млрд сом каржылоо керектелет, - деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Өкмөттөн маалымдашкандай, социалдык тармактагы пенсиянын көлөмү 65% же 5 миң 723 сомдон 9 миң 443 сомго чейин жогорулайт деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Эске сала кетсек, пенсия жана жөлөк пулду 2020-жылдын 9 айында каржылоо 39 млрд 488.6 млн сомду, октябрда — 4.1 млрд сомду түздү.