Соцфонд ай сайын пенсионерлерге 3.7 млрд. сом бөлөт

24 сентября 2019, 09:39

Өлкөдөгү 651 миң пенсионерлерге КР Социалдык фонду ай сайын 3-7 млрд. сом пенсия акысына которот. Бул тууралуу жК бюджет жана каржы боюнча комитеттин жыйналышында Социалдык фондтун өкүлү Медер Ирсалиев билдирди.

Андан сырткары, 2019 – жылдын 1 – январында Социалдык фондко болгон бардык карыз өлкө боюнча 2.8 млрд. сомду түзөт. Анын ичинен кээ бир карыздар кайтарымсыз ьэкенин кошумчалады. 2018 – жылы бул сумма 3 млрд. сомго жетти.