Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7% көтөрүү пландалууда

20 ноября 2023, 13:55

Келе жаткан 2024-жылында Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Маалыматка ылайык, буга мамлекеттик бюджеттен кошумча 997 млн сом каралууда.

"Азырынча пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7% көбөйтүү планыбыз бар. Кийинки жылдын биринчи жарымындагы акчанын түшүүсүнө жараша 1-октябрда көтөрүү боюнча так маалым болот", - деди ал.