Пенсиянын топтомо бөлүгүн турак жай сатып алууда колдонсо болот
Кыргызстанда эми пенсиянын топтомо бөлүгүн жарандар турак жай сатып алууда баштапкы жана кошумча төгүм катары алса болот. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.
Бул мыйзамдын максаты 2 пайыз өлчөмүндө топтолмо пенсиялык фонддун каражаттарын колдонуу менен курулуш субъекттеринен жеке турак жай сатып алуу каалоосун билдирген жарандарга мүмүкүнчүлүктөрдү кеӊейтүү жана колдоо көрсөтүү болуп саналат.