Топтомо пенсияны жүрөк жана онкологиялык операцияларга алса болот
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн милдетүү төлөө эркектер үчүн 1964-жылдан тарта, ал эми аялдар үчүн 1969-жылдан тарта алардын айлыгынан 10% кармалат. Анын 2% Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна которулат. Бул тууралуу “Акчабарга” Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Мамлекеттик пенсиялык топтомо фондуна акча төлөп жүргөндөр төмөнкү учурларда акчасын ала алышат:
- жаран Кыргызстандан башка мамлекетке туруктуу жашаганга чыгып кеткен учурда;
- пенсияга чыккан учурда;
- эгер адам каза болуп калса, анын мураскерлери топтомо пенсияны ала алат;
- онкологиялык, жүрөк оорууларына операцияга муктаж болсо;
- ипотеканын базалык биринчи төлөмүнө жана ипотекалык насыяны жапканга акча керек учурда;
- жумушсуз калган учурда айына 8 миң сомдон алып турууга болот.
“Ипотеканын базалык биринчи төлөмүнө жана ипотекалык насыяны жапканга 5 миң киши алды. Жалпы суммасы 1 млрд сомду төлөп бердик”, - деди Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев.