“Өлкөдө бийлик бутактары менен бийлик деңгээлинин ортосунда ажырым бар – биринчи вице-мэр А.Бакетаев

25 сентября 2019, 11:15

“Өлкөдө бийлик бутактары менен бийлик деңгээли ортосунда ажырым бар” – деп билдирди, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев 25 – сентябрда өткөн орто жана кичи бизнес тууралуу тегерек столдо.

Анын айтымында, мамлекет бизнес менен тыгыз байланышта болусу керек.

Бүгүн президент тарабынан – региондорду өнүктүрүү тапшырмасы коюлган. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдары бизнес тууралуу бир катар суроолорду өз алдынча чече алышат, бирок бир топ суроолор өкмөттүн деңгээлинде чечилээринде калет жок.Бизнес тармагындагы ж.б. регионалдык деңгээлдеги суроолорду, өз алдынча чечүү үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруудагы системанын мыйзамы иштелип жатат. Бүгүнкү бизнестеги маселелерди ачык айтууга чакырам, эгер алардын чечүү жолдору тууралуу оюңуздар болсо, аны дагы айтыңыздар”, - деп билдирди.