Премьер-министр Улукбек Марипов бир тууганын кызматтан бошотту

4 февраля 2021, 14:45

Премьер-министр Улукбек Марипов Ош облусунун Ноокат районунун акими Бакытбек Мариповду кызмат ордунан бошотту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттөн белгилешкендей, Бакытбек Марипов премьер-министрдин бир тууган агасы болот. Кызматтан бошотуу чечими кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу максатында кабыл алынган, анткени жергиликтүү бийлик түздөн-түз өкмөткө баш иет.