Премьер-министр иш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат

14 февраля 2020, 13:30

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган иштерин жана 2020-жылдагы милдеттерин талкуулаган кеңейтилген коллегиясына катышат.

Мындан тышкары Өкмөт башчы Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышмакчы.