Премьер-министр Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барат

21 августа 2020, 11:15

Премьер-министр Кубатбек Боронов 21-22-августта Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу өкөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна жасаган сапарынын алкагында социалдык объектилердин абалы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу иштери, «Таза суу» долбоорунун жүзөгө ашырылышы, күзгү оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү менен таанышат.

Мындан тышкары Премьер-министр Кубатбек Боронов Кара-Кол шаарындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугушту оорулар бөлүмүнүн имаратын ондоп-түздөө иштери менен таанышат.