Президент мамлекеттик визит менен Азербайжанга барат

9 апреля 2024, 12:55

Президент Садыр Жапаров Азербайжанга мамлекеттик визит менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжандык кесиптеши Жейхун Байрамов менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Ал визит 2024-жылдын 24-25-апрелине пландалганын айтты.

Учурда Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов расмий сапар менен Бишкекте жүрөт.