Президент эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

3 августа 2020, 09:25

Президент Сооробай Жээнбеков өлкө аймактарына иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы 3-4-август күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президент Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Ак-Суу районунда коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартындагы медициналык жана айыл чарба объектилеринин, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү, мындан сырткары калкты таза суу менен камсыздоо жана ички жолдорду оңдоп-түзөө боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышат.