Президент: Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери жана Жогорку Нарын каскадын тез арада ишке ашыруу милдетим

28 января 2021, 11:45

Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери жана Жогорку Нарын каскадын тез арада ишке ашыруу президент катары милдетим. Бул тууралуу ант берүү аземинде президент Садыр Жапаров билдирди.

Садыр Жапаров сындуу ири долбоорду тез арада ишке ашырууну көздөрүн билдирди.

«Күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант-мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептеймин», - деп билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров 79,2% добуш менен жеңип чыккан.