Президент: Мамэкотехинспекциядан башка мам.органдарда коррупция жок дегиңер келип атабы?

24 января 2020, 11:30

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына байланышкан окуя баарыбызга белгилүү болду , - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

«Жоопко тартыла элек дагы канча жемкорлор бар? Мамэкотехинспекциядан башка мамлекеттик органдарда коррупция жок дегиңер келип атабы? Элдер, ишкерлер мамлекеттик органдардын дарегине дайыма нааразычылыктарын билдирип келишет. Анын ичинен Финансы полициясына, Мамкурулушка, Мамлекеттик катттоо кызматына, Мамлекеттик Антикоррупция кызматына эл арасында өзгөчө ишенбөөчүлүк жок», - деп билдирди.

Ошону менен катар, өлкө башчы жемкорлук менен күрөшүүдө ийгиликтер дагы бар экендигин билдирди.

«Өзүнүн жумушун так аткарган мамлекеттик кызматкерлер дагы бар. Аларга өзгөчө алкыш. Бирок, бир карын майды бир кумалак чиритет дегендей, бардык мамлекеттик органдардын бетине көө сыйпагандар дагы жок эмес», - деп кошумчалады.