Садыр Жапаров Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту

5 марта 2024, 09:20

Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Доминик Фавр баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары жана жакынкы жылдардагы кызматташуунун келечеги, атап айтканда энергетика, суу ресурстары, транспорт ж.б. боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Дүйнөлүк банкка өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул каржы институту Кыргызстан 30 жылдан бери приоритеттүү тармактарда ийгиликтүү кызматташып келе жаткан алдыңкы өнөктөштөрдүн бири экенин белгиледи.

Белгилеп кетсек, Дүйнөлүк банк энергетика тармагына – Камбар-Ата-1 ГЭС үчүн техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо боюнча долбоорго колдоо көрсөтүүдө.