Президент: Санариптештирүү — бул коррупцияга каршы күрөштө негизги куралдардын бири

20 февраля 2020, 11:00

Санариптештирүү — бул коррупцияга каршы күрөштө негизги куралдардын бири. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан санариптештирүүнү кеч баштаганы менен Борбордук Азияда алдыга озуп чыгууну көздөйт.

«Санариптештирүүнү мен ойлоп тапкан жокмун. Бүт дүйнө жүзү санариптештирүү жолу менен алдынкы технологияларды киргизип, алдыга кетип жатат. Коррупцияны жоюунун бир гана жолу — бул санариптештирүү. Бул бизге суу менен абадай керек. Баардык органдар буга өтүшүбүз зарыл. Азыр менен президенттик аппарат толук өттү», — деп билдирди президент.

Сооронбай Жээнбеков 62 мамлекеттик орган, 28 коммерциялык уюм «Түндүк» тутумуна кошулганын белгиледи.