Президенттикке талапкерлер 105.4 млн сом сарпташты
Президенттикке талапкерлердин шайлоо фондуна 114.2 млн сом келип түшкөн. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Каражаттын басымдуу бөлүгү, тагырагы 62 млн сом Садыр Жапаровдун эсебине түшкөн. Бабыржан Төлбаевдин эсебине - 14.2 млн сом, Имамидин Ташиевдин эсебине - 4.9 млн сом жана Абдил Сегизбаевдикине - 4.6 млн сом которулган.
Бүгүнкү күндө талапкерлер дээрлик 105.4 млн сом сарпташкан.