Президент: тышкы саясаттын маанилүү бөлүгү - «жашыл» экономиканы өнүктүрүү
Экологиялык дипломатияны жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 30-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракесине арналган сессиянын алкагында Биоартүрдүүлүк боюнча Нью-Йоркто өткөн саммитте билдирди.
«Биз — экологиялык таза продукциянын жана таза энергиянын өлкөсүбүз. Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргызстан климаттын өзгөрүшү тууралуу Париж макулдашуусун ратификациялады. Биздин өлкө энергиянын салттуу булактарын керектөөнү акырындык менен кыскартууну көздөйт», — деп айтты президент.
Кыргызстан экология чөйрөсүндөгү эл аралык демилгелерди активдүү колдоо менен бирге өз демилгелерин да сунуштап келет.
Баарынан мурда, алар:
- Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык саммиттерди уюштуруу;
- Борбордук Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алуу боюнча резолюцияны жаңылоо;
- Эл аралык тоолор жылын өткөрүү жана Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобун түзүү.
Андан сырткары, төмөнкүдөй тармактарда эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө көңүл бурулат:
- биоартүрдүүлүктү жана дени сак экосистемаларды сактоо;
- биоартүрдүүлүк чөйрөсүндө чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү;
- туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн «жашыл экономиканын» принциптерин пайдалануу;
- ошондой эле биоартүрдүүлүктү туруктуу пайдалануу үчүн аймактык кызматташтык жаатында демилгелерди сунуштоо.