Президенттик шайлоо 17-январда өтөт

16 октября 2020, 17:00

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, президенттик шайлоо 17-январда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Мындан сырткары, Шайылдабекованын айтымында парламенттик шайлоо 20-декабрга чейин өтүүсү зарыл.

«Жыл аягына чейин парламент түзүлүшү үчүн, он күндүн ичинде анын жыйынтыгын чыгаруу керек. Кезексиз президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш дайындайт. Ал январь айында өткөрүлүшү керек», — деп билдирди БШКнын төрайымы.