Президенттик шайлоо үчүн бюджеттен жарым миллиард сом каралат

19 ноября 2020, 11:45

Кыргызстанда президенттик шайлоо үчүн бюджеттен 500 млн сом бөлүү каралууда. Бул тууралуу 19-ноябрда өткөн маалымат жыйында Республикалык штабдын өкүлү Максат Мамытканов билдирди.

Ал белгилеп кеткендей, мамлекеттик бюджеттин кирешесинин төмөндөөсүнө, шайлоонун тиешеси жок.

«Каржы кыйынчылыктар президенттик шайлоого таасирин тийгизбейт», - деп айтты ал.

Эгерде Референдумду өткөрүү жөнүндө айта турган болсок, анда Мамыткановдун айтымында, маселе парламенттин ыйгарым укугунда.

«Эгерде Жогорку Кеңеш тиешелүу мыйзамды кабыл алса, анда бул суроо биз тараптан каралат. Керек учурда референдумду өткөрүү үчүн бюджеттен акча каралат», — деп түшүндүрдү Мамытканов.