Президенттин аймактарга барышы үчүн учак сатып алынды

4 декабря 2023, 17:25

Президент Садыр Жапаровдун өлкө ичиндеги иш сапарлары үчүн учак сатып алынды. Бул тууралуу "Манас" аэропортуна таянып "Reporter.kg" жазды.

Маалыматка ылайык, 12 орундуу учак бюджеттин акчасына сатып алынды, бирок наркы боюнча так маалымат берилген жок.

Аны президенттен сырткары, мамлекеттик жетекчилер аймактарга иш сапарында колдонот.